ИСЛАМДА АЛЛА ЖАНА АЛЛАГА ИМАН
Алла Таала – ааламдардын Рабби. Бардык мактоо жана даңк, күч жана улуулук, бийиктик жана жогору болуу Ага гана таандык. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Биздин Раббибиз чексиз күчкө жана түгөнгүс акылмандыкка ээ. Өлүмдү жана жашоону жараткан, бийликти жана даражаны берген, каалаганын көтөрүп, каалаганын түшүргөн – бул Алла. Жараткан жана жаратууну уланткан – Ал. Жашоо берип, ырыскы тартуулаган, тойгузуп жана коргогон – да Ал. Жашоонун ар бир бөлүгүн жана ар бир ирмемин башкарып, көзөмөлдөгөн жана жөнгө салган – жалгыз Ал гана.
Аллага ишенүү – Ислам менен шекерленүүнүн алгачкы шарты. Алланын бар экенине, жалгыз экенине, теңдеши, окшошу жана шериги жок экенине ишенүү, башкача айтканда, таухидди кабыл алуу – ишенимдин негизги өзөгү. Бизди жоктон жараткан жана сансыз жакшылыктары менен жашатып жаткан Раббибиздин бизден эң чоң укугу – Ага ишенүү.
Аллага ишенүү – Анын жиберген Пайгамбарына жана түшүргөн Китебине баш ийүүнү, белгилеген чек араларын жана берген өкүмдөрүн аткарууну талап кылат. Момун үчүн Аллага ишенүү сөз жүзүндө гана эмес. Тескерисинче, Аллага ишенүү – Куран-Каримдин аяттары жана Пайгамбарыбыздын хадистери аркылуу Раббибизди таанып, жашоосун ушул ишеним менен өткөрүүнү милдеттендирет. Аллага ишенүү – момундун жашоосуна маани берип, ойлоруна жана чечимдерине багыт көрсөтөт, тирүү же жансыз бардык нерселер менен болгон мамилесин калыптандырат. Ошондуктан, момундун тилинен чыккан жана жүрөгүндө тамыр жайган ишеним – жер бетиндеги жакшылыктын кепилдиги.
Аллага ишенген адам, ар бир ишинде Раббисинин ыраазычылыгын көздөйт. Үй-бүлөсүнүн, туугандарынын, кошуналарынын жана жанында иштегендердин укуктарын коргойт. Жоопкерчиликти моюнга алып, ар бир ишти аманатка берилгендей кылып аткарат.
Аллага ишенген адам, бир да кичинекей жакшылык же жамандык кайтарымсыз калбасын билет. Акыретин дүйнөсүнө алмаштырбайт жана эсеп берүүгө татыктуу жашоо өткөрөт.
Булагы: ИСЛАМДА АЛЛА ЖАНА АЛЛАГА ИМАН